МАМИЛЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:14, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМИЛЕ - элементтердин белгилүү бир систе­ма боюнча жайгашканын жана бири-бирине көз ка­рандылыгын туюндурган философиялык категория; адамдын бир нерсеге карата ээлеген эмоциялык­эрктик өңүтү; ар кандай объектилердин же бир объекттин ар кыл жактарын ойдо салыштырып кароо. М. тийиштүү элементтердин ар кайсы дең­гээлиндеги татаал системасын түзөт. Буга

мый­зам мисал боло алат. М. нерселердин сапатта­ры менен белгилеринин ролун да аткара алат. Коомдук мамилелердин өзгөчө тибин түзөт. Изилдөөнүн системалык методунун ролу жого­рулаган сайын М. категориясы илимий зор мааниге ээ болууда. Г. К. Аалиева.