МАМЕДКУЛИЗАДЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЕДКУЛИЗАДЕ Жалил (ылакап аты - М о л­ла Насреддин; 22. 2. 1866, Нахичевань-на­Араксе - 4. 1. 1932, Баку) - азербайжан жазуучу­су, коомдук ишмер. 1887-жылы Гори мугалимдер се­минариясын бүткөн. 1898-жылы Ереванда, 1903-жылы Тбилисиде азербайжан тилинде чыкчу «Шарки рус» («Орус чыгышы») жана болыпевиктердин «Кавказский рабочий листок» гезиттеринде иш­теген. Ал ошол эле учурда фельетончу катары да таанылган. 1905-жылы өз күчү менен басмакана ачып, «МоллаНасреддин» сатиралык журналын негиздеген жана чыгарган (1906-31). Мененин көрүнүктүү чыгармалары: «Эшектин жоголушу» (1936), «Почта жащиги» (1903), «Ирандагы кон­ституция» (1906), «Курбан-Алибек» (1907), «Козу» 1914), «Молдо Фазл-Али» (1925), «Эки күйөө» (1927) ж. б. «Өлүктөр» (1909), «Жинди­лердин жыйыны» (1936) деген комедияларында дин кызматкерлеринин жосунсуз жоруктарын ашкерелеген. «Кеманча» (1920) пьесасы армян жана азербайжан элдеринин достугуна арналган.

Ад.: Ибрагимов М. Великий демократ: азербайджан­ский писатель Д. Мамедкулизаде. Баку, 1988.