МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМБЕТАЛЫ Ашымбай уулу (1897, азыркы Ысык-Көл обл., Ак-Суу району, Кайырма-Арык айылы - 1969, ошол эле жер) - манасчы. М. жаш кезинен «Манаска» абдан кызыккан. 16-17 жашында жомокчу Чоюке айлына келип, кыш­тап «Манас» айтат. Анын айтуусунда эпосту бир канча жолу угуп, чыгарманын негизги окуяла­рын, белгилүү сюжеттик мотивдерди, поэти­калык жалпы орундарды үйрөнүп, таалим алат. Ошондон тартып М. «Манас», «Семетей» бөлүм-

дөрүнөн үйрөнгөн эпизоддорун эл алдында айта баштайт. Ал өзүндөгү айтуучулук шыктын жа­ралышын кандайдыр бир сырткы күчтүн кол­доосу, башкача айтканда түш көрүү салты менен байланышты­рат. 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катышкан. Ошол жылдан 1944-жылы чейин Ысык-Көл обл. драма театрында артист болуп иштеген. М-дан «Ма­насты» жазып алуу иши 60-жылдары баштал­ган. Эпостун «Манас» бөлүмүнөн: Манастын Ка­ныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы, Алмамбет­тин аңгемеси, Коңурбайдын чабуулу (Чоң ка­зат), Манастын өлүмү деген эпизоддор жазылып алынып, КР УИАнын Кол жазмалар фондусун­да сакталып турат. Манасчыда «Семетей» эпо­сунун сюжеттик системасы жыйынтыктуураак, бири-бирине уланып, тыгыз байланышкан түрдө баяндалат. Эпостогу окуялардын мүнөзүнө жана сюжеттик сызыктын багытына ылайык бир нече топко бөлүнөт: 1) жетим калган Семетейди өлүм­дөн сактоо үчүн Букарга алып качуу; 2) Семетей­дин балалык чагынын Букарда өтүшү жана өз атасын, эли-жерин билиши; 3) Семетейдин Та­ласка келиши; 4) өз туугандары менен талаш-тар­тыштары жана кагылыштары; 5) Айчүрөктүн учу­шу жана ага Семетейдин үйлөнүшү; 6) Семетей­дин өлүшү сыяктуу элге белгилүү окуялар то- ■ лук сакталган. Эпостун үчүнчү бөлүгү «Сейтек» эпосундагы окуялар экинчи бөлүктүн уланды­сы, андан ары өнүктүрүлүшү катары баяндалат. МАМБЕТАКУНОВ Калык Барыктабасович (3. 11. 1952-жылы туулган, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз району, Чоң-Кызыл-Суу кыш.) - коомдук ишмер. КРдин калкты тейлөө чөйрөсүнө эмг. сиң. кызматкер (2003). Катуу оорудан кийин 16 жашында азиз болуп калган соң, көрбөгөн жана начар көргөн балдардын респ. атайын жатак-мектебин (1971), КМУну (1976) бүтүргөн. 1976-81-жылы Кыргыз азиз­дер жана дүлөйлөр коомунун Пржевальск үйрөтүү­өндүрүштүк ишканасында жумушчу, директору­нун орун басары, 1981-86-жылы Жалал-Абад, 1986- 91-жылы Фрунзе шаарында үйрөтүү-өндүрүштүк ишка­наларында директор, 1991-99-жылы Кыргыз азиз­дер жана дүлөйлөр коомунун Борбордук башкармасы­нын төрагасы, 1999-, 2005-, 2010-жылы Кыргыз азиз­дер жана дүлөйлөр коомунун президенти. Азия (2001-04), Бүткүл дүйнөлүк (2003-04) азиздер би­рикмесинин аткомдорунун мүчөсү. КР Президен­тинин кеңешчиси (2006-09). КР Улуттук пара­лимпия федерациясынын вице-президенти, ге­нералдык катчысы, президенти (2005-10). «Кыр­гызстан майыптар ассоциациясынын» президен­ти (2008-жылдан), Азия континентиндеги азиз­дер бирикмесинин вице-президенти (1912-жыл­дан). 3-даражадагы «Манас» ордени жана Даңк медалы менен сыйланган.