МАМБЕТАИПОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:14, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМБЕТАИПОВА Шакен (20. 11. 1936, Ысык­Көл обл., Тоң району, Туура-Там айылы - 16. 7. 1995, Бишкек) - сүрөтчү-кол өнөрчү, акын, 1971-жыл­дан Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, «Кыял» көркөм өндүрүш бирикмесин негиздөөчүлөрдүн бири, КРдин маданиятына эмг. сиң. ишмер (1975), КРдин эл сүрөтчүсү (1992). 1970-жылы Бишкектеги сү­рөтчүлөр окуу жайын бүткөн. Эмгек жолун 1960- жылдан Бишкек элдик кол өнөрчүлүк фабрика­сында башкы сүрөтчү болуп иштөө менен башта­ган. 1965-69-жылы Оштогу Жибек комбинатында сүрөтчү, 1969-73-жылы КРдин жергиликтүү ө. ж. министр­лигинде башкы сүрөтчү, 1973-76-жылы башкы конструктор болуп иштеген. Мененын «Төөчөн кыз», «Ашкана» (экөө тең 1970), «Мейман күтүү» (1972), «Ак кеме», «Кыз куумай» (1979) ж. б. чий паннолору; «Айдың көл», «Ак бугу» ж. б. шырдактары, «Гүлдөр дүйнөсү» сыяктуу баркыт­ка сайылган саймалары, Ч. Айтматовдун

порт­рети (1978) ж. б. чыгармалары союздук, респ. жана чет өлкөлөрдөгү (Моңголия, Япония, Аме­рика, Полыпа, Румыния ж. б.) көргөзмөлөрдө жогорку сыйлыктарга ээ болгон. М. - «Кыргыз пейили» (1976), «Кыргыз орнаменти» (1980),

«Ырлар» (1981), «Байыркы жылдыздар» (1984), «Оюмдагы обондор» (1986), «Улуутоолор» (1989) ыр жыйнактарынын автору.