МАЛОН ЭФИРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:14, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛОН ЭФИРИ, H2C(COOC2H5)2 - малон кислота­сынын диэтил эфири. Жемиш жыттанган түссүз, майлуу суюктук, эрүү 1 49,9°С; кайноо 1 199°С; сууда эрибейт, этанол, диэтилэфир менен ара­лашат. Органикалык эриткичтерде - жакшы, сууда на­чар эрийт. М. э. циануксус кычкыл натрийге H2SO4түн катышуусунда этил спиртин таасир этүү менен алынат. Метилен тобундагы суутек атомдору металлдар ж. б. менен орун алмашуу реакциясына оңой кирет. М. э. дары жасоодо, органикалык заттарды синтездөөдө, тамак-аш ө. ж-нда кеңири колдонулат.