МАЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛЕР Густав (7. 7. 1860, Богемия - 18. 5. 1911,

Вена) - австриялык композитор, дирижёр, опералык режиссёр. Батыш европалык неороман­тизмдин акыркы өкүлү. 1880-жылдарда Авст­рия, Венгрия опера театрларда жана алар менен бирге 1897-1907-жылы Вена Хан сарайынын опе­расында кызмат кылган; 1907-ж-дан АКШда. Симфониялары (10, акыркысы бүтпөй калган) жана «Жер жөнүндө ыр» симфония­кантатасы (1888- 1909) 19-к-дын ая­гы - 20-к-дын ба­шындагы симфо­низмдеги эң көрү­нүктүү чыгарма­ларынан болгон. Анын чыгармачылыгы музыкалык экспрессия­луулукту пайда кылган. М. өз мез­гилинин мыкты

дирижёру катары музыкалык театрдын өнүгүшүнө зор салым кошкон.