МАНСАРДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНСАРДА — имараттын чатырындагы бөлмө. Ал кошумча турак жай катары курулуп, има­ратка көрк берчү касиетке да ээ. Чатырдын бул типтеги конструкциясын 17-к-дагы фр. арх. Ф. Мансар кенири колдонгондуктан, мындай бөлмөлөр анын атынан аталып калган. Кең мааниде М. - бийик чатырдын ичиндеги жашоо­го жана чарбалык максатта колдонулуучу бөлмө.