МАМЛЕКЕТТИК РЕЗЕРВДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЛЕКЕТТИК РЕЗЕРВДЕР - өлкөнүн план­дуу түрдө толукталып, жаңыртылып туруучу материалдык баалуулуктарынын (сырьё, стра­тегиялык материал, азык-түлүк ж. б.) запасы. Ал табигый кырсык учурунда экономиканы үзгүлтүккө учуратпоо үчүн түзүлөт. М. р. жай­гашкан жер мамлекеттик сыр болуп, маалымат берил­бейт. М. р. көпчүлүк өлкөлөрдө уюштурулган. Негизги иш-чаралары: калктын керектөөлөрүн камсыздоо; ишкана, уюм-мекемелерге, регион­дорго (сырьё жана отун-энергетика ресурстарынын негизги түрү, азык-түлүк менен камсыз болуусу) жардам көрсөтөт; ички рынокто сунуш менен та­лаптын диспропорциясы пайда болгон учурда аны жөнгө салуу жана гуманитардык жардам берүү ж. б.

МАМЛЕКЕТТИК САНИТАРЙЯ-ЭПИДЕМИОЛО­гиялык көзөмёл департаменти

(МСЭКД) - КРдин Саламаттык сактоо министр­лигине караштуу санитария-эпидемиол. иштер­ди жүргүзүүчү, санитария-гигиеналык жана эпи­демияларга каршы чараларды иштеп чыгуучу жана аларды жүзөгө ашыруучу атайын мекеме. 1926-жылы Фрунзе шаарында 1-жолу безгекке каршы станция ачылган, кийинчерээк борбордук тропи­калык станция болуп кайра уюшулган. Андан кийин Пайер станциясы, бактериол. жана тамак­аш лабор-лары ачылган. 1950-жылы Респ. санита­рия-эпидемиол. станция (СЭС) түзүлгөн. 1997-жылы МСЭКД болуп кайра уюшулган. Ал өлкөдө эпи­демиол. бейпилдикти камсыз кылуу, санитариялык көзөмөл жүргүзүү, жугуштуу мите, кесип оору­ларын алдын алуу жана жоготуу, чөйрөнү булга­нуудан сактоо чараларын ишке ашырат. Анда методикалык иштерди уюштуруу, мамлекеттик санитариялык көзөмөл жүргүзүү, экспертиза жана лабор-ларды аккредитациялоо бөлүмдөрү, бактериол. жана вирусол. лабор-лар, санитариялык экспертиза ж. б. бөлүмдөр бар. Департаментке обл. шаардык, ра­йондук, мамлекеттик санэпидемиол. көзөмөл, дезин­фекция станциялары, Карантин жана өтө кор­кунучтуу инфекциялар боюнча респ. борбор, ИЖОС боюнча респ. бирикме, Респ. иммундук профи­лактика борбору, Профилактикалык медицина илимий өндүрүштүк бирикмеси жана мамлекеттик санэпиде­миол. көзөмөл баш иет.

С. Т. Абдикаримов.