МАМБЕТОВ Дүрбөлөн

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМБЕТОВ Дүрбөлөн(5. 06. 1931, азыркы На­рын обл., Нарын району, Таш-Башат айылы - 17. 8. 1970, ошол эле жер) - физик, Кыргызстанда ядро физикасы боюнча алгачкы окумуштуу, физика-

математика илимдеринин канди­даты (1956). КМУну бүтүр­гөн (1952). КМУда окутуучу, кафедра башчысы, Өзбек­стан ИАнын Ядро физика­сы институтунда жана 1959-жыл­дан Кыргыз ИАнын Физи­ка жана математика институтун­да лабор. башчысы болуп иштеген. Эмгектери катуу нерселердин физикасына, анын ичинде нерсенин адгезиялык байланышынын бу­зулуу механизмине арналган. Ал катуу нерсе­лердин адгезиялык бузулушунда жана алардын майдаланышындагы электр кубулуштарын изилдөөнүн жаңы багытына негиз салып, «Мам­бетов эффектиси» деп аталган кубулушту ачкан. бОтан ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 2 монография, окуу куралынын, 3 патенттин автору. Туулган жериндеги өзү окуган орто мектепке ысмы ый­гарылган.

Эмг.: Электроразрядные и эмиссионные явления при разрушении твердых тел. Ф., 1973; Избранные научные труды. Б., 2012. Элементардык ядролук физика. Ф., 1970.

Ад.: Асанов У. А. Электрондук эмиссиянын белгисиз түрү же «Мамбетов эффектиси» жөнүндө//Жизнь Науки. НАН КР, № 1, 2011; Асанов У. А. Некролог озвученный через сорок лет. Б., 2012.