МАМБЕТАЛИЕВ Кубан Ильясович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМБЕТАЛИЕВ Кубан Ильясович [8. 1. 1953- жылы туулган, Фрунзе (азыркы Чүй) обл., Кемин району, Быстровка

шаарчасы (азыркы Кемин ш.)] - ада­биятчы, журналист, доцент (1987), филология илимдеринин доктору (2012). 1978-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун, 1984-жылы КМУ­нун (азыр КУУ) аспиранту­расын бүтүргөн. 1984-92-жылы Пржевальск педагогикалык институтунда (азыр Ысык-Көл университети), Фрунзедеги Орус тили жана адабияты педагогикалык институтунда (азыр БГУ), КМУда окутуучу, до­цент, кафедра башчысы, сырттан окуу боюнча прорек­тор, 1992-95-жылы КР УИАнын Тил жана адабият институтунда (азыр. Ч. Айтматов атындагы) окумуштуу катчы, улук илимий кызматкер, 1995-98-жылы «Столи­ца» гезитинин башкы редактору, 1998-2006-жылы «Журналисттер» коомдук бирйкмесинин же­текчиси, 2006-2010-жылы КРдин Улуу Британия­дагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси. М. - «Исповедь публициста» (1994), «Итоги демок­ратии» (1994), «Свобода от страха» (2006) деген орус тилиндеги публицистикалык жыйнактардын автору.

Эмг.: Русско-кыргызские литературные связи. Б., 1991; Сатира и юмор в кыргызской литературе. Б., 2011.