МАКОВСКИЙ Эдуард Эдуардович
МАКОВСКИЙ Эдуард Эдуардович (1930, РФ, Керчь ш. - 2002, Бишкек) - техника илимдеринин доктору (1973), проф. (1976), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1979), Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйл. лауреаты (1976), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. ойлоп табуучусу (1980). Ташкент инженердик ирригация институтун бүтүргөн (1954). Кыргыз ССР ИАнын Энергетика институтунда кенже илимий кызматкер (1954-61). Кыргыз ССР ИАнын Автоматика интунда лабор. башчысы (1961-2002), директордун

орун басары, директор (1980-88), КР УИАнын вице-президенти (1997-2000). Өндүрүш процесстерин автоматташтыруу, гидротех. жана ирригациялык системаларды башкаруу боюнча адис. 170тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 7 монография, 45 автордук күбөлүктүн автору.
Эмг.-. Автоматизация гидротехнических сооружений в системах каскадного регулирования расходов воды. Ф., 1972; Автоматизация процессов пропуска паводка через гидротехнические сооружения. Ф., 1986.