МАЙМЕКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙМЕКОВ Зарлык Капарович (12. 10. 1955-жылы туулган, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл району, Бостери айылы) - инженер-химик, техника илимдеринин доктору (1995), проф. (1996), КРдин би­лим берүүсүнүн отличниги (2007). КМУну (1977), СССР ИАнын аспирантурасын (Москва, 1984) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАнын органикалык эмес жана физикалык химия институтунда (1977-79), Москвада СССР ИАнын Жалпы жана органикалык эмес химия институтунда илимий кызматкер (1979-81) жана Кыргыз ССР ИАда улук илимий кызматкер (1985-90), лабор. башчысы (1990-2001), 2001-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас»

университетинде проф., 2002-05-ж. инженердик факультеттин дека­ны, ошондой эле учурда 2001-жылдан экол. инжене­рия бөлүмүнүн башчысы. 200дөн ашык илимий эм­гектин, анын ичинде 3 монография, 1 окуу китеп, 4 ой­лоп табуунун (патент) автору жана 14 илимий эмгеги ө. ж. ишканаларына пайдаланууга берилген.

Эмг.: Массообмен между каплями жидкости и газом в процессах абсорбции и испарения. Б., 1993; Экологи­ческое образование и воспитание - в поисках будущего. Б., 1993; Жалпы жана органикалык эмес химия боюн­ча тажрыйбалар. Б., 2009.