МАЗЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЗЕР [англ. Microwave Amplification by Stimulated Emission of Radiation сөздөрүнүн би­ринчи тамгаларынан; мааниси: аргасыз нур­лануудан микротолкундардын (өтө жогорку жыштыктын) күчөшү] - өтө жогорку жыштык­тагы радио толкундардын кванттык генерато­ру. М-дин нуру монохромдуулугу, когерент­түүлүгү, өтө ичкелиги менен өзгөчөлөнөт. М. ра­дио байланыш, радиоастрономия, радиолокация ж. б. тармакта, ошондой эле туруктуу жыштык гене­ратору катары да колдонулат. М. радиодиапа­зондордун кванттык күчөткүчү деп да аталат. Мисалы, кванттык парамагнит күчөткүчү.