МАДРИД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАДРИД - Испаниянын борбору. Мадрид авто­номия обл-нун жана Мадрид провинциясынын администрациялык борбору. Администрациялык жактан 21 районго бөлүнөт. Пиреней ж. а-нын борбордук бөлүгүндөгү Месета пла­тосунда, деңиз деңгээлинен 650 м бийиктикте, Манса­нарес д-нын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Калкы 3,2 миллион (2011; шаар айланасы жана шаар

спут­никтери менен Чоң Мадрид шаар агломерациясын

Сервантестин Испа­ния аянтындагы эс­телиги. Скульптор Лоренцо Кулло-Ва­лери. 1929.

түзөт; алар менен 6,4 миллион). Өлкөнүн саясий, экономикалык, маданий борбору жана ири шаары. Ири жолдор тоому. Барахас эл аралык аэропорту бар. Мет­рополитен иштейт.

Шаар маврлардын Мажирит чебинин (сак­талбай калган; алгач 932-жылдан эскерилет) айланасында калыптанган. Чеп 1083-жылы араб­дардан бошотулган. 1118-жылы чепке шаар укугу берилген. 14-15-к-да М. Кастиль королдорунун резиденциясы жана кортестердин (парламент) отурумдары өтүүчү жай болгон. 1561-жылдан шаар статусуна ээ. Ошол жылы Филипп II Испаниянын борборун М-ге көчүргөн. М-де өлкөдө өндүрүлгөн ө. ж. продукциясынын '/ бөлүгү даярдалат. Автомобиль жана локомо­тив куруу, электр-техникалык, радиоаппаратура жаб­дуулары, аскер, химиялык-фармацевтика, жеңил (тигүү, текстиль, бут-кийим), 'тамак-аш, ка­газ, полиграфиялык, жыгаччылык, цемент ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк [сайма саюу, тор токуу, желпүүр даярдоо, ур­ма музыкалык аспаптар (кастаньета), зер буюмдар] өнүккөн.

17-к-дан тартып иретсиз салынган шаар ку­рулуштары классика жана барокко стилинде болсо, кийинчерээк заманбап курулуштар менен алмашылды. М-де банктар, соода компания­ларынын башкармалыктары, улуттук жана чет өлкөлүк АКтар, камсыздандыруу мекемеле­ри, фонд биржасы жайгашкан. Шаарда 11 көпү­рө курулган. ИА, университет (анын астында студент­тер шаарчасы), бир нече ЖОЖ жана илимий коом­дор, китепканалар (анын ичинде улуттук), Испания королдор академиясы, Королдук улуттук медициналык академия, Улуттук астрономиялык обсерватория, ко­ролдор дарыканасы, театрлар, 100дөн ашык му­зей (анын ичинде Прадо музейинде Боттичелли, Рафа­эль, Тициан, Рубенс, Рембрандт, Гойя, Карава­жо ж. б. белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюл­ган) жана сүрөт галереялары бар. Епископ капел­ласы (16-к), Сан-Хинес (17-к.), Сан-Исидро-эль­Реаль (17-к.), Сан-Франциско-эль-Гранде (18-к.) ж. б. чиркөөлөрү, Пласа-Майор аянтында ан­самбль (17-к.) сакталган. Ботаникалык бак уюштурул­ган. М-де жылына 2 жолу коррида (букалар уру­шу) өткөрүлөт. Эл аралык туризм өнүккөн.

Ад.: Мадрид//Все столицы мира: Энциклопедиче­ский справочник. М., 2004; Мадрид//Новейший эн­циклопедический словарь. М., 2006; Нэш Э. Мадрид: история города. М.; СПб., 2007.