МАГНИТТИК СЪЁМКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГНИТТИК СЪЁМКА - Жер магнетизми боюнча алынган маалыматтар менен магниттик карта тү­зүү. Өз ичинен жалпы жана дыкат (так) М. с. болуп бөлүнөт. Ж а д п ы М. с. чоң аянтты кучагына алып, Жердин магнит талаасынын чыңалышы сейрек кездешкен (аралыктары он­догон, жүздөгөн км) чекиттерде жүргүзүлөт. Де­ңиз жана аба навигациясында, ири магниттик аномалияларды табууда, жер магнетизминин кылымдык өзгөрүүлөрүн изилдөөдө колдонулат. Д ы к а т М. с-да геол. карта түзүлүп, кен издөө жүргүзүлөт. Мында байкоо жүргүзүү чекиттери­нин аралыгы 1 клгден бир нече кмге созулат. М. с. жүргүзүүдө геомагнит талаасынын толук чыңалуу векторунун модулу өлчөнөт. Кээде геол. чалгындоодо магнит талаасынын вертикалдык (тик) түзүлүшү аныкталат. М. с. самолётко, спут­никке, кемеге, ар кандай транспортко орнотул­ган магнитометр менен жүргүзүлөт.