МАГНИТТИК КУЮНДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГНИТТИК КУЮНДАР - Жердин магнит та­лаасынын сутка ичинде кескин өзгөрүп кетүү ку­булушу. Бул бир нече саатка, суткага созулат. Жер шарынын бардык бөлүгүндө бир мезгилде жүрөт. Эң чоңу (5‘10"2э) жогорку кеңдиктерде байкалат. Ортонку кендикте -0,1ден -1,0 а/мте. (1-10“3 -1-10“2э) жетет. Өз ичинен эскертүүчү, баш­талгыч, башкы, калыбына келүүчү фазалардан турат. Эскертүүчү фазада геомагнит­тик талаа бир аз өзгөрүп, тез басылат. Баштал­гыч фазада геомагниттик талаанын жер шары боюнча түзүүчүлөрү капысынан козголот. Башкы фазада геомагниттик талаа зор чыңалууга ээ бо­луп, горизонталдуу түзүүчүлөрү кичиреет. К а­лыбына келүүчү фаза геомагниттик талаанын чыңалышынын, баштапкы абалына келиши менен мүнөздөлөт. М. к-дын таасиринен ионосфера өзгөрөт. Натыйжада кыска толкун­дуу радио байланыш үзүлөт.