МАГЕЛЛАН КЫСЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГЕЛЛАН КЫСЫГЫ Түштүк Америка материги менен Оттуу Жер а-нын аралыгында. Чилиге ка­райт. Атлантика жана Тынч океандарын туташ­тырат. Узундугу 575 км, эң кууш жери 2,2 км, эң тайыз жери фарватеринде 19,8 м. Көптөгөн суу астындагы аскалар жана тайыз жерлер кеме жү­рүүгө тоскоолдук кылат. Оттуу Жер архипела­гындагы мөңгүнүн этеги кысыктын деңгээлине чейин түшөт. Кууш жериндеги суу ташкыны­нын ылдамдыгы 25 км/с. Порту - Пунта-Аре­нас (Чили). 1520-жылы кысыкка 1-жеткен деңиз саякатчысы Ф. Магелландын ысмынан аталган.