МААРАК СЫМАЛДАР
МААРАК СЫМАЛДАР (СЬагабгШогтез) — куштар түркүмү. Көбүнчө сууда жана суу жээгинде жашайт. Сырткы кебетеси өтө ар түрдүү. Асмандан ылдый кудуганда куйругу жазылып, желге желбирегенде эчкинин маараганындай үн чыгат (аты ошондон улам). 3 түркүмчөсү (тартак тартарлар, чулдуктар жана чардак-чулдуктар) бар. Чардак чулдуктар 8 тукумга (ача куйруктар, чулдуктар, жөө күлүк чулдуктар, ак маарактар, каракчы чулдуктар, чардактар, чистиктер ж. б.) бөлүнөт. М. с-дын ЗООдөн ашык, КМШ өлкөлөрүндө 134 түрү кездешет. Арктикадан Антарк-

тиканын жээктерине чейин таралган. Өтө суук жерлерде келгин куштар, уясын ачык жерге, аскага, чанда ийиндерге же таш арасына салат. Көбү моногамдар, 2-4 жумуртка тууйт. Балапандары көбүнчө жумурткадан чыгары менен эле уяны таштайт. Көпчүлүк М. с. колония түзүп уялашат. Негизинен майда жандыктар менен азыктанат. ТКЭСтин Кызыл китебине 14 түрү, 3 түрчөсү катталган.