МААЛЫМАТ ЖАБДУУСУ
МААЛЫМАТ ЖАБДУУСУ (Ба1атаге) - маалыматтарды классташтыруу жана кодго айландыруу системасынын бирдиктүү жыйындысы; документтештирүүнүн өзгөчөлөштүрулгөн системасы, мекемеде кыймылда болгон маалымат агымынын схемасы, ошондой эле берилиштер базасын түзүү жолдору катары маалымат системасынын
структуралык компоненти. М. ж-н камтыган системанын милдети башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн туура маалымат берүү жана өз учурунда калыптандыруу болуп эсептелет. Өзгөчөлөштүрүлгөн документтештирүү системасы мамлекеттик, тармактык, аймактык жана корпоративдик деңгээлде түзүлөт.