ЛЯПУНОВ ТЕОРЕМАСЫ
ЛЯПУНОВ ТЕОРЕМАСЫ ы к т ы м а л д ы к теориясындакөз карандысыз кокус чоңдуктардын суммасынын бөлүнүштөрүнун жыйналгычтыгы үчүн жалпы жетишерлик шартты аныктай турган теорема; ыктымалдык теориясынын негизги предел пгеоремасы. Аны 1901-жылы А. М. Ляпунов далилдеген жана Ляпунов шарты деп аталып, кийин аны кеңейтүүгө зарыл жана жетиштүү шарттар табылган. Л. т-на байланыштуу маселелерди орус математиги С. Н. Бернштейн, америкалык математик В. Феллер толук чечишкен. Л. т-нда биринчи жолу мүнөздөгүч функциянын методу иш жүзүндө көрсөтулгөн.