ЛЯМБЛИОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЯМБЛИОЗ - ичке ичегиде мителик кылуучу жөнөкөйлөр - лямблия пайда кылуучу оору. Лямблия кыймылдуу жана кыймылсыз формада (циста) жашайт. Соо адамга лямблия цистасы менен булганган тамак-аш, суу, кол, буюмдар аркы­луу жугат. Ал ичеги-карынга өтүп, ичке ичеги­ге жабышып мителик кылып көбөйөт. Мында ич ооруйт, көбөт, курулдайт, кускусу келет, кээде былжыр аралаш суюк зандайт. Лямблия ичке ичегиден жоон ичегиге өткөндө анын өөр­чүшүнө шарт болбогондуктан, циста форма­сына айланып, заң менен сыртка бөлүнүп чыгат. Л. менен көбүнчө 1-4 жашка чейинки балдар ооруйт. Баланын ичи көөп, ооруйт, тез-тез был­жыр аралаш зандайт. Дарылоодо белогу же­тиштүү жеңил диета, дары-дармек колдонулат. Алдын алууда ооруну эрте таап, дарылоонун мааниси чоң. Ошондой эле санитария-гигиеналык чара­ларды көрүү, оору чыккан жерди дезинфекция­лоо зарыл.