ЛЮМИНЕСЦЕНТТИК АНАЛИЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЮМИНЕСЦЕНТТИК АНАЛИЗ - люминесцен­ция кубулушуна негизделген методдордун жы­йындысы. Анын ичинде кеңири таралган методу анык­талуучу заттын фотолюминесценциясына не­гизделген. Мында ультракызгылт көк нурлар менен дүүлүктүргөндө аныкталуучу заттан бөлүнүп чыгуучу жарыктын толкун узундугу менен ургаал­ДУУлугун ченеп, заттын сапаттык жана сандык курамын аныктайт. Люминесценция нурларын көз менен же спектрофотометр менен регистрация­лайт. Л. а. ө. эк-да, биологияда, медицинада, геол. чалгындоодо, криминалистикада, архео­логияда колдонулат.

Ад.: Гришаева Т. И. Методы люминесцентного анализа. СПб., 2003.