ЛУДЧУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛУДЧУЛАР - 18-к-дын аягы - 19-к-дын башын­да Улуу Британиядагы машинанын өндүрүшкө киргизилишине каршы чыккан жумушчу кый­мылынын катышуучулары. Өзүнүн жип ийруү станогун талкалаган Нед Луддун ысмына бай­ланыштуу аталып калган деген жоромол бар. Л. өндүрүшкө машиналарды киргизүү жумуш­суздукту пайда кылып, эмгек шартын оордотот деген түшүнүк менен машиналарды, ошондой эле фабрика­лдрды да талкалашкан. Л-дын алгачкы көтөрү­лүшү 18-к-дын 60-жылдарынын аягында Нот­тингем жана Шеффилдде башталып, 70-жылдар­дын аягы - 90-жылдардын башында Ланкашир, Уилтширж. б. графтыктарга, 1811-13-ж. өтө кү­чөп, Арнолд, Ноттингем, Лидс, Шеффилд, Ман­честер ж. б. шаарларга тараган. 1812-жылы Л-га каршы өлүм жазасы киргизилген.