ЛОФОТЕН АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:59, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОФОТЕН АРАЛДАРЫ - Норвег деңизиндеги архипелаг. Скандинавия ж. а-нын түндүк-батыш жээгине жакын. Норвегиянын аймагы. Аянты 1,2 миң км2. Ири аралдары: Эствогёй, Вествоёй, Флакстадёйа, Москенесёйа ж. б. Рельефи тоо­луу, бийиктиги 1161 мте чейин. Жээги аскалуу, фьорддуу, айрым жерлеринде жээк түздүктөрү бар. Нымдуу океандык климат мүнөздүү. Ян­вардын орт. температурасы 0°С чамасында, июлдуку 12°С, жылдык жаан-чачыны 1000 мледен ашуун. Деңиз жээги тоңбойт. Тоолуу тундра, вереск бадалдары басымдуу. Балык (сельдь, треска) кармалат. Порту - Свольвер.