ЛОТ (навигация)
ЛОТ (голландиялык lood) - кемеден суу тереңдигин өлчөөчү курал. Линге (чайырга чыланган аркан) байланган коргошун чөгөрүлөт жана аралык
белгилери деңиз саржаны (деңиз саржаны 6 фут=1,83 м) же кээде метр менен алынат. Л. колго алып жүрмө (жүктүү линь), механикалык (суу түбүндөгү гидростатикалык басымды каттоочу приборлуу зым аркан) жана гидроакустикалык (эхолот) болуп айырмаланат.