ЛОНДОН Жэк

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОНДОН Жэк (чын аты-жөнү - Жон Гриф­ф и т; 12. 1. 1876, Сан-Франциско - 22. 11. 1916,

Калифорния штаты, Глен­Эллен) - америкалык жазуучу. Ка­лифорния университетинен окуган (1896-97). Түндүк турмушун көрсөткөн «Бөлтүрүк» (1900), «Ата-бабасынын ку­дайы» (1901), «Аязбалдары» (1902) ж. б. аңгеме жыйнак­тары жарык көргөн. Л. - «Кар кызы» (1902), «Баба­лар үнү» (1903), «Ак азуу» (1906) ж. б. роман­повесттердин да автору. М. Горькийдин «Фома Гордеев» романын окуган соң (1901) чыгарма­ларын эзилгендерди коргоо идеясында жаза баш­таган. Орус революциясын кубаттап, таптык күрөш жөнүндө публицистикалык макалалар циклин («Таптар согу­шу», 1905; «Революция», 1910) жазган. Соңку жылдары Л. «Жезтаман» (1908), «МартинИден» (1909, кыргызчасы - 1977) деген романдарды, «Мезгил тынбайт» (1910), «Ай нурлуу өрөөн» (1913), «Үчөөнүн жүрөгү» (1920) ж. б. чыгарма­ларды жараткан. «Мартин Иденде» Л. жазуу­чунун «ачуу турмушту сүрөттөөгө, турмушка ак­тивдүү катышууга укуктуу экенин көрсөткөн. Л. күжүрмөн жазуучу, тема менен форманын жа­ңычылы катары кирип, дүйнөлүк адабиятта баш­тоочулардын бири катары таанылган. Анын ки­тептери дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган.

Чыг.: Собр. соч. М., 1998-1999. Т. 1-20.

Ад.: Быков В. М. По следам Д. Лондона. М., 1996; Лунина Н. Е. Художественный мир Д. Лондона. М., 2009.