ЛОМБАРД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:59, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОМБАРД - кыймылдуу мүлктү күрөөгө алып, кыска мөөнөткө жарандарга карыз акча берген жана буюмдарды сактаган атайын кредиттик уюм. Л-дар түрүнө карата күрөөгө баалуу металлдар­ды, турмуш-тиричилик буюмдарын, автотранс­портту ж. б. алат. Күрөөгө коюлган буюмдар­ды баалоо эки жактын макулдашуусу менен бо­лот. Мүлк ээсине (зайым алганга) келишим түзүүдө керектелүүчү акча каражаты жана ти­йиштүү күрөө билети ыйгарылат. Эгер Л-дан алынган ссуда убагында төлөнбөсө, күрөөгө коюлган буюм Л-дын ээлигине өтөт. Л. алгач

15-к-да Францияда ломбардиялык (Италия) сүткорлор тарабынан түзүлгөн, ал эми муници­пиалдык Л. 16-к-да Нюрнбергде пайда бол­гон. Л-да кредитке берилген суммага процент эсептелинет. Сактоого берилген (зайым албай) буюмдар үчүн процент алынбайт, тийиштүү кызмат акы гана төлөнөт. Л-дын бул түрү Ев­ропа өлкөлөрүндө кеңири тараган. Кыргызстанда Л-дардын кызматын көпчүлүк кардарлар пай­даланат.