ЛОЖЕНКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:59, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОЖЕНКО Пелагея Макаровна (1904, азыркы

Казакстан, Семей обл., Уржар району, Маканчы айылы - 1988, Аламүдун району, Арашан айы­лы) - саанчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). 1942- жылдан Кыргыз ССРинин Аламүдүн р-нундагы Стрель­никова атындагы асыл тукум заводунда уйчу, саанчы-брига­дир болуп иштеген. Сүт саап алууда мыкты ийгиликтер­ге жетишкен. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депу­таты. Ленин, Эмгек Кы­зыл Туу ордендери менен сый­ланган.