ЛОГИКАЛЫК ПОЗИТИВИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОГИКАЛЫК ПОЗИТИВИЗМ - 1920-жылдары Вена ийриминде пайда болгон аналитикалык философия агымдарынын бири. Бул багыт илимий пикирдин чындыгын текшерип көрүү (верифи­кация) принцибине негизделген эмпиризмди илимий билимдерди логикалык талдоо методу менен айка­лыштырууга аракеттенген. Л. п-ге ылайык чы­ныгы илимий философия илим тилинде логикалык талдоо катары гана болушу мүмкүн, ал бир жагынан «метафизиканы» (башкача айтканда салттык фило­софияны) четтетүүгө, экинчи жагынан, түздөн­түз маалыматтарды же эмпирикалык жактан текшерилген илимий түшүнүктөрдүн жана ырастоо­лордун мазмунун аныктоо максатында логика­лык түзүлүштү изилдөөгө багытталышы керек.