ЛОГИКАЛЫК ПОЗИТИВИЗМ
ЛОГИКАЛЫК ПОЗИТИВИЗМ - 1920-жылдары Вена ийриминде пайда болгон аналитикалык философия агымдарынын бири. Бул багыт илимий пикирдин чындыгын текшерип көрүү (верификация) принцибине негизделген эмпиризмди илимий билимдерди логикалык талдоо методу менен айкалыштырууга аракеттенген. Л. п-ге ылайык чыныгы илимий философия илим тилинде логикалык талдоо катары гана болушу мүмкүн, ал бир жагынан «метафизиканы» (башкача айтканда салттык философияны) четтетүүгө, экинчи жагынан, түздөнтүз маалыматтарды же эмпирикалык жактан текшерилген илимий түшүнүктөрдүн жана ырастоолордун мазмунун аныктоо максатында логикалык түзүлүштү изилдөөгө багытталышы керек.