ЛИТИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:59, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИТИЙ (латынча Ыййшп), элементтердин мез­гилдик системасынын I тобундагы химиялык элемент. Катар номери 3; атомдук массасы 6,639. Л-ди 1817-жылы швед хи­миги А. Арфведсон ачкан. Жер кыртышынын м. боюнча 3,2 10"3%ин түзөт. Л. грекче «литос» - «таш» дегенди билдирет. Анткени ал паталит, споду­мен жана лепидолит минералдарынын курамы­нан табылган. Л. - күмүш түстүү, эң жеңил же­гич металлдарга кирет. Туруктуу 2 изотобу 6Ы жана 7Ы бар. Эрүү 1179°С; кайноо 11317°С; Л. би­рикмелерде +1 окистенүү даражасын көрсөтөт. Абада Л. кычкылтек жана азот менен аракеттенип, Л. оксидин Ы2О жана нитридин Ы3М пайда кы­латынча Башка щелочтуу металлдарга караганда суу менен реакцияга жай кирет. Анын гидроксиди - ЫОН күчтүү негиз. Галогендер менен галогенид­дерди ЫГ, күкүрт менен сульфидди Ы28, суутек менен гидридди ЫН, көмүртек менен карбидди Ы2С берет. Көптөгөн органикалык бирикмелердин жана көп куйманын курамына кирет. Металл түрүндөгү Л. эриген калий жана Л. хлориддеринин ара­лашмасын 400-460°Ста электролиздөө менен алы­нат. Ядролук энергетикада чоң мааниге ээ. Л. изотобу тритийди алууда колдонулат. Л. атом реакторлордо ядролук реакциянын жүрүшүн жөнгө салуучу өзөктөрдү жасоодо, уран реак­торлорунда жылуулук алып жүрүүчү катары, түстүү жана кара металлургияда, химиялык ө. ж-лар­да литий органикалык бирикмелерди алууда, ал эми анын бирикмелери силикат ө. ж-нда, туздары медици­нада кеңири колдонулат. Ошондой эле Л. гидриди газ абалындагы суутекти тез алуу үчүн колдонулат.