МАКОВСКИЙ Эдуард Эдуардович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКОВСКИЙ Эдуард Эдуардович (1930, РФ, Керчь ш. - 2002, Бишкек) - техника илимдеринин доктору (1973), проф. (1976), Кыргыз ССР ИА­нын академиги (1979), Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйл. лауреаты (1976), КР­дин илимге эмг. сиң. ишме­ри, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. ойлоп табуучусу (1980). Ташкент инженердик ирригация институтун бүтүргөн (1954). Кыр­гыз ССР ИАнын Энергети­ка институтунда кенже илимий кыз­маткер (1954-61). Кыргыз ССР ИАнын Автоматика ин­тунда лабор. башчысы (1961-2002), директордун

орун басары, дирек­тор (1980-88), КР УИАнын вице-президенти (1997-2000). Өндүрүш процесстерин автоматташ­тыруу, гидротех. жана ирригациялык системалар­ды башкаруу боюнча адис. 170тен ашык илимий эмгек­тин, анын ичинде 7 монография, 45 автордук күбөлүктүн автору.

Эмг.-. Автоматизация гидротехнических сооружений в системах каскадного регулирования расходов воды. Ф., 1972; Автоматизация процессов пропуска паводка через гидротехнические сооружения. Ф., 1986.