МАКМАЛ (кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКМАЛ - Жалал-Абад облусу Тогуз-Торо р-нундагы кыштак. Каргалык айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 2390 м бийиктикте жай­гашкан. Райондун борбору Казарман кыш-нан 47 км түштүк-батыш тарапта. Багыш т. ж. беке­тинен 146 км. Кыштак 1977-жылы негизделген. Кал­кы 1010 (2009); негизинен кен казып алууда эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана жана ФАП бар.