МАКЕНЗИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКЕНЗИ, Маккензи - Канаданын түндүк- батышындагы дарыя. Чоң Эрксиз көлүнөн баш­талып, Макензи ойдуңу аркылуу агат да, Түндүк Муз океандын Бофорт деңизине куят. Өзүнүн узундугу 1770 юмдей, Пис-Ривер менен (Финли д-нын ба­шынан) 4250 км, алабынын аянты (Чоң Эрксиз көлүнүн алабына кирген Эрксиз, Пис-Ривер жана Атабаска д-нын системасы менен) 1804 миң км2. Ири куймалары: Лиард, Арктик-Ред-Ривер, Пил (сол), Чоң Аюулуу (оң). Жээги өтө саздак, ка­рагай токою менен капталган. Кар, жамгыр суу­ларынан куралат. Жаз жана жай мезгилдеринде ташкындайт. Орт. чыгымы 14 миң м3/сек. Ок­тябрдан июнга чейин тоңот. Кеме жолунун узундугу 2200 км. Боюнда Форт-Провиденс, Форт-Норман, Норман-Уэлс, Аклавик, Инувик калктуу пункт­тары жайгашкан. Дарыя, европ-тардын ичинен алгачкы жолу (1789) ал аркылуу сүзүп, Түндүк Муз океанга чыккан шотландиялык көпөс, саякат­чы - А. Макензинин урматынан аталган.