МАКБЕЛ АШУУСУ
МАКБЕЛ АШУУСУ Кыргыз Ала-Тоосунун батышында, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында. Нылды жана Макбел сууларынын башталышынан орун алган. Бийиктиги 3037 м. Ашуунун бели анчалык татаал эмес, капталдары тик. Негизинен протерозойдун слюдалуу кварцит, амфиболдуу сланец, эклогит тектеринен түзүлгөн. Апрелден сентябрга чейин ачык. Мал ашырылат.