МАЙМАК КОРУКЧАСЫ
МАЙМАК КОРУКЧАСЫ - Кара-Буура р-нундагы мамлекеттик ботаникалык корукча (заказник). Маймак т. ж. бекетинин жанында. Аянты 40 га. КРдин Кызыл китебине кирген кауфман жоогазынынын табигый шартта жакшы өсүп жана көбөйүп жаткан ареалын коргоо максатында 1980-жылы уюшулган.