МАЙ-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ
МАЙ-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ - 10-12-к-га таандык тургун жай урандысы. Талас облусундагы Кара-Буура р-нунун Май-Дөбө кыш-нан 1,5- 1,8 км түштүктө жайгашкан. Бардыгы үчөө. М.-Д. ш. к-нда жашагандар негизинен дыйканчылык, соода-сатык жана кол өнөрчүлүк менен кесип кылган. Маданий катмардан Караханиддер дооруна жана кийинки мезгилге тиешелүү карапа калдыктары табылган. 1956-жылы археолог П. Н. Кожемяко казып изилдеген.