МАЙДА ПЛАСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙДА ПЛАСТИКА, кичи пластика, чакан фор­малардын скульптурасы - көркөм скульптура искусствосунун кеңири тараган өзгөчө популярдуу түрү. М. п. адамзат коомунун эң алгачкы баш­талышында пайда болгон. Аны байыркы турак жайларды казууда кездештиришкен. Булар ми­ниатюралык жана жасалгалык сапаттагы быш­кан топурактан, сөөктөн, жыгачтан оюп, таш­тан жасалган буюмдар болгон. М. п-га тоголок бедиз чыгармалары менен бирдикте рельефтер: жасалгалык медальондор, эстелик медалдар, глиптика, терракоталык статуетка, Кайра жа­ралуу доорунун коло фигуралары, япон нецке­си (17-к.), фарфор статуеткалар (18-к), металл куймалар, элдик оюнчуктардын (19-20-к.) ке­ңири тармагы кирет. 18-к-дан Императордук фарфор заводунун М. п-сы белгилүү боло башта­ган (Санкт-Петербургдагы М. В. Ломоносов атындагы фарфор заводу), Уралдагы Каслинский заводунун чоюн куймалары, Москва облусунда Богородс­кое кыш-нын жыгачтан оюп жасалган оюнчук­тары, Түндүк элдеринин сөөктөн жасаган буюм­дары белгилүү. Заманбап көркөм сүрөт искусство­сунда кичи формадагы бедизчиликке статуетка же турмуш-тиричилик мазмундагы композиция, столдун үстүндө туруучу портреттик бюст, жа­ныбарлар дүйнөсүнөн сүрөттөлүш, сувенир сыяк­туу эстеликтен аткарылган анча чоң эмес мо­дель ж. б. кирет. Кыргызстанда «Кыял», «Мурас» элдик көркөм өнөр бирикмелеринде асыл ме­таллдардан, жыгачтан, сөөктөн, булгаарыдан, кийизден, чийден, чоподон жасалган М. п. бел­гилүү, к. Жасалга-колдонмо көркөм искусство.