МАГНИТТИК КАРТАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГНИТТИК КАРТАЛАР - магниттик бирдей сызыктардын (изоклин, изогон, изодинамо) жардамы менен геомагниттик талаанын чыңалуу­сун же анын түзүүчүлөрү көрсөтүлгөн жер бети­нин картасы. Булардын ичинен дүйнөлүк М. к. жана аномалиялуу магнит талаасынын картасы кеңири тараган. Дүйнөлүк М. к. геомаг­ниттик талаанын негизги өзгөчөлүктөрүн чагыл­дырат. Бул геомагнит талаасынын булагы Жер­дин ядросундагы электр өткөргүч заттардын кыймылы болуп саналат. Негизги магниТтик талаанын структуралык өзгөчөлүктөрү конти­ненттердин көлөмүнө жакын. Ошол себептен дүйнөлүк М. к-дын масштабы 1:10 000 000 же мындан да кичине болот. Аномалиялуу магнит талааларынын картасы жергиликтүү магнит та­лаасынын башкы магнит талаасынан өзгөчө­лөнүшүн көрсөтөт. Ири масштабда (1:200 000) болуп, аэромагниттик съёмканын негизинде түзүлөт. М. к. жердин терең бөлүгүнүн түзүлүшүн изилдөөдө, кен байлыктарды чалгындоодо ке­ңири колдонулат.