МАВРИКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАВРИКИЙ (англ. Mauritius, фр. Maurice), Маврикий Республикасы (Republic of Mauritius; République de Maurice) - Инди океа­нынын батыш бөлүгүндөгү мамлекет; Африка­нын түштүк-чыгышында. Маврикий, Родригес (Маскарен а-нын бир бөлүгү), Агалега, Карга-

дос-Карахос (же Сент-Брандон) ж. б. чакан арал­дарда жайгашкан. Аянты 2,04 миң км2. Калкы 1,3 миллион (2011). Борбору - Порт-Луи. Администрациялык жак­тан 9 округга (Маврикий а-нда), автономия ай­магына (Родригес а.) жана М-ге баш ийген 2 ай­макка (Агалега жана Каргадос-Карахос) бөлүнөт. Акча бирдиги - маврикий рупийи.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2010)

Администрациялык бирдиктери

Аянты, км2

Калкы, мин

Администрациялык борборлору

Округдары (Маврикий а.)

Блэк-Ривер

259,0

75,2

Бамбу

Гран-Порт

260,3

115,1

Роз-Бель

Мока

230,5

81,0

Картье-Милитер

Памплемус

178,7

137,2

Триоле

Плен-Вилем

203,3

383,6

Бо-Бассен - Роз­Хилл

Порт-Луи

42,7

129,1

Порт-Луи

Ривьер-дю­Рампар

147,6

108,7

Мапу

Саван

244,8

70,3

Суйак

Флак

297,9

139,5

Сантр-де-Флак

Аймактары

Родригес а.

104,0

37,8

Порт-Матюрен

Агалега а.

71,2

0,3

Вен-Сенк

Каргадос-Кара­хос а.

Рафаэль

М. - БУУга (1968), Ынтымакташтыкка (1968), ЭВФке (1968), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына (1868), Африка союзуна (2002-жылы чейин Африка Виримдиги уюму; 1958), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү. М. - унитардык мамлекет. Конституциясы 1968-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - парла­менттик республика. Мамлекет башчысы - пре­зидент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент (Улуттук Ассамблея). Аткаруу

бий­лигин өкмөт - Министрлер кабинети ишке ашы­рат. М-да көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу саясий партиялары: Лейбо­ристтик партия, Маврикий Дювалдар партия­сы, М. респ. кыймылы, М. социалисттик кыймылы, М. күжүрмөн кыймылы, М. социал-демокр. кый­мылы, Улуттук союз, Родригес элинин уюму.

Табияты. М. жайгашкан аралдар суу астындагы Маскарен кырка тоосунун чоку бөлүгү болуп саналат; жанартоодон пайда болгон. Аралдардын жээктери барууга кыйынчылык туудурган коралл (шуру) рифтери менен курчал­ган. Эң ири Маврикий а-нын басымдуу бөлүгүн бийиктиги 200-600 м келген базальттуу плато ээлейт; түштүк-батышында өлкөнүн эң бийик жери Питон-де-ла-Птит-Ривьер-Нуар чокусу (бийиктиги 828 м) жайгашкан. Плато ар тараптан аккуму­ляциялык жээк түздүктөрү менен курчалып жа­тат. Родригес а-нын рельефинде дөбө-дөңсөөлүү түздүктөр басымдуу (бийиктиги 396 мге чейин). Тропиктик деңиз климаты үстөмдүк кылат. Жайкы сезон декабрдан майга чейин созулат, эң жылуу февраль айынын орт. температурасы 26°С (кээде 32°Сден жогору). Кышкы эң суук айы - августтун температурасы ички аймактарында 14°Сден жээктеринде 20°Сге чейин. Жаан-чачын­дын жылдык орт. өлчөмү жээк түздүктөрүндө 1500-2500 лмеден, Борбордук платодо 3500-5000 лгжге чейин. Январь - март айларындагы катуу ша­мал (тайфун) - нөшөрлөгөн жамгырды жана алаа­мат ташкынды пайда кылат. Өлкөнүн айма­гынын 70% ке жакын аянтын базальт лавасы­нын үбөлөнүүсүнөн түзүлгөн күрдүү кызыл лате­рит топурактары ээлейт. Маврикий а-нын г/ бөлүгүн токой (тоолордун чыгыш капталдарын­да - дайыма-жашыл, батыш капталдарында - кургакчыл тропиктик) ээлейт. Флорасында та­таал түзүлүштөгү өсүмдүктөрдүн 750 түрү бар, алардын көбү - эндемиктер (кофе дарагы, бөтөлкө жана желпүүр пальмасы, орхидея, лиа­на, папоротниктер), 87 түрү жоголуу алдында турат. М. фаунага да бай, эндемиктери да ар­бын. Коргоого алынган 15 аймак өлкөнүн аян­тынын 3,4% ин ээлейт Анын негизин Макка­би-Бель-Омбр биосфера резерваты жана Блек-Ри-

Маврикий аралынын батышы.
Image

вер (Блек-Ривер-Жорж) капчыгайы улуттук паркы түзөт. Экол. проблемалары: бал камыш плантацияларын отоо чөптөн сактоо үчүн гер­бициддерди жана минералдык жер семирткичтер­ди көп пайдалануудан а. ч-га жарактуу жерле­ринин булганышы; чай, бал камыш жана ийне жалбырактуу токойлордун аянтын кеңейтүү үчүн табигый токойду кыюу; сырттан алынып ке­линген өсүмдүктөр жергиликтүү флораны сүрүп чыгышынан биол. ар түрдүүлүктүн кескин төмөндөшү ж. б.

К а л к ы. М-дин калкынын басымдуу бөлүгү (43,4%и, 2000-жылкы эл каттоо боюнча) Түштүк Азиядан келгендер (индимаврикийлер), анын ичинде би­харлыктар 30,6%, креол-маврикийлер 38,6%, ошондой эле кытайлар 1,9%. 2000-жылы калктын табигый өсүүсүнүн жылдык орт. темпи 0,8% (2010-жылы 0,5%) болгон. Расмий тил - англис жана фран­цуз (парламентте англис тилиндей эле пайда­ланылат) тилдери. Маврикий, креол тилдери да кеңири таралган. М-дин калкынын 40% и ин­дуисттер, 32,2%и христиандар (анын ичинде 23,6%и ка­толиктер), 16,6% и мусулмандар (негизинен сүннөттөр) ж. б. Орт. жыштыгы: 1 адм2жерге 628 киши (2010). Калкынын жашынын орт. узак­тыгы 72,1 жаш (эркектериники - 60,5, аялда­рыныкы - 76,7 жаш). Төрөлүү (1000 адамга 12,0

Порт-Луи порт комп­лекси.

бала; 2010) өлүм-житимден (1000 адамдан 7,0) 1,7 эсе жогору. Шаар калкы 42% (2010). Ири шаарлары: Порт-Луи, Во-Бассен - Роз-Хилл, Вакоа - Финикс, Кюрпип, Катр-Бори.

Т а р ы х ы. М. аралы 8-10-к-да араб саякат­чыларына белгилүү болгон. 16-га чейин мында адам жашаган эмес. 1528-жылы Д. Родригес арал­дын координатын аныктаган соң, арал анын атынан аталган. 1598-жылы аралды нидерланддар ээлеп, Маврикий деген наам беришсе, 1715-жылы Франция басып алып, Иль-де­Франс деп ата­ган. 1810-жылы М. а-н англистер басып алган. Ан­глия менен болгон согушта Франция жеңилип, 1814-жылы Париж тынчтык келишими боюнча арал Улуу Британиянын ээлигине өткөн. 1820-жыл­дардын аягында а. ч. иштери үчүн Индиядан жана Кытайдан М-ге жумушчулар алынып кел­генетикалык Натыйжада тамеки, чай жана кант өндүрүшү тез өскөн. 1869-жылы Суэц каналы ачылган соң, М. аралы Европадан Индияга жана Түштүк-Чыгыш Азияга кетчү жолдогу маанилүү токтоочу жай­га айланган. 1-дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин М-де улуттук-боштондук кыймыл күч алган. 1936-жылы 1-саясий партия - Лейборист­тик партия (ЛП), 1938-жылы профсоюз уюмдары пайда болгон. 1957-жылы М-дин Мыйзам чыгаруу­чу кеңешинин укугу кеңейтилип, 1958-жылы жал­пы шайлоо укугу киргизилген. 1964-жылы М-дин 1-конституциясы кабыл алынып, С. Рамгулам жетектеген өкмөт түзүлгөн. 1965-жылы Лондондо­гу конституциялык конференцияда М-дин көз ка­рандысыздыгы жөнүндө чечим кабыл алынып, 1968-жылы 12-мартта Британия кызматташтыгы­нын чегинде көз каранды эмес мамлекет деп жа­рыяланган. 1970-жылдан М. - Индия океанын­дагы алгачкы эркин экономикалык зона. 1980-жылдар­дын башталышына чейин бийликте ЛП (1969- 73, 1976-81) консерваторлордун Маврикий со­циал-демокр. партиясы (МСДП) менен коалиция­да турган. 1983-жылы башкаруучу коалиция тара­ган соң, А. Жагнот жетектеген Күжүрмөн социалисттик кыймыл партиясынан куралган жаңы өкмөт түзүлгөн. 1992-жылы Мыйзам чыгаруу ассамблея­сы өлкөнүн Конституциясына түзөтүүлөрдү кир­гизип, президент (В. Рингаду, Лейбористтик партиядан) башында турган М. республикасы жарыяланган. 2003-жылы президенттикке А. Жаг­нот шайланган.

Маврикий акчасы - маврикий рупийи.

Экономикасынын негизин чет элдик туризм түзөт. 1970-жылы чейин кант өндүрүү жана аны экспорттоо М-дин экономикасынын негиз­ги булагы болгон. 1970-жылдардан баштап мамлекеттик экономикалык саясат - кайрадан иштеп чыгаруу­чу тармактарды түзүүгө жана тейлөө секторун (анын ичинде чет элдик туризмди) өнүктүрүүгө багыт­талган. Өлкөнүн экономикасынын тез өнүгүшүнө Порт-Луи деңиз портуна жакын эркин экономикалык ай­мактын (зонанын) түзүлүшү зор түрткү берген. 21-к-дын башында 250гө жакын ар кандай (ө. ж., транспорт ж. б.) ишкана, ошондой эле чет өлкөлүк банктардын филиалдары жана финансы уюмда­ры иштеген. ИДПнин көлөмү 17,5 миллиард доллар (АКШ, 2010), аны киши башына бөлүштүргөндө 13,5 миң доллардан туура келет. ИДПнин реал­дуу өсүшү 3,6% (2010). ИДПдеги тейлөө чөйрө­сүнүн үлүшу (% менен) 69,1%, ө. ж. жана ку­рулуштуку 26,6, а. ч-ныкы 4,3. М-де минерал­дык сырьёлордун жана углеводороддун запасы жок. 2009-жылы 2,58 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Төрт ЖЭС (жалпы кубаттуулугу

284 МВт), 8 ЖЭБ (39 МВт) жана 8 ГЭС (53 МВт) иштейт. Ө. ж-нын башкы тармактары - тек­стиль жана кант өндүрүшү (продукциясы негизи­нен экспортко багытталган). Текстиль жана тигүү ө. ж. негизинен импорттук сырьё менен иштейт; ишканалары дээрлик Порт-Луи портунда, бардык заводдору Маврикий а-нда жайгашкан. 2009-жылы 467 миң т кант өндүрүлгөн. Кант өндү­рүшүнүн калдыктары отун катары пайдаланы-

Бал камыш плантациясы.

латынча Канттын 90% ке жакыны экспорттолот (негизинен Европа союзуна кирген өлкөлөргө). Аз санда электрондук приборлор, металл буюм­дары, тиричилик химия товарлары ж. б. чыга­рылат.

А. ч-га жарактуу жери 110 миң га чамасын­да. Негизги а. ч. өсүмдүгү - бал камыш (жылы­на 5 миллион т даярдалат) өлкөнүн бардык жеринде өстүрүлөт. 0. эле жашылча, чай (экспорт үчүн да), мөмө-жемиш, тамеки айдалат. Гүл өстүрүү­чүлүк өнүккөн. Эчки, бодо мал, чочко, кой асы­ралат. Калктын этке жана сүткө болгон муктаж­дыгынын 80-95% и импорт аркылуу канааттан­дырылат. М. балыкка жана деңиз продуктула­рына бай; 2009-жылы 9 миң т балык кармалган.

Тейлөө чөйрөсүнүн негизги тармагы - чет өл­көлүк туризм, анын өнүгүүсүнө өлкөнүн таби­гый-климаттык шарты түрткү болгон. 2009-жылы М-ге 871,4 миң турист (негизинен Франциядан, Улуу Британиядан, Европанын башка өлкөлө­рүнөн, ошондой эле Реюньон а-нан, ТАРдан, Индия­дан) келген. Туристтик бизнестен түшкөн кире­ше 1,75 млрдга жакын долларды түзгөн. Авто­мобиль жолунун узундугу 2 миң кжден ашык (2009). Негизги деңиз порту - Порт-Луи. Үч кемеден тур­ган деңиз-соода флоту бар. Эл аралык Рамгу­лам аэропорту Маврикий а-нын түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан.

Товардык экспорттун наркы 2,04 миллиард дол­лар, импорттуку 3,94 миллиард (2010). Экспортко (Улуу Британия, Франция, АКШ, Мадагаскар, Италияга) кийим, кездеме, ошондой эле кант, балык жана деңиз продуктуларын чыгарат. Сырттан

ө. ж. жабдууларын, нефть продуктуларын, ав­томобиль, азык-түлүк алат. Негизги импорт­тоочулары: Индия, Кытай, Франция, ТАР.

Маданияты. Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуу­лугу 87,4% ти түзөт (2008). Ири ЖОЖдору, Улут­тук архиви (1815) Бо-Бассенде, ш-дык китепка­на (1851) Порт-Луиде жайгашкан. Порт-Луи му­зейи (1880), Тарых музейи (1950), ошондой эле бир нече ири илимий мекемелери бар. Англис жана француз тилдеринде «ПЕхргезз», «ДУеек-Епй», «МапгЛиз Т1тез», «Ье Маиг1с1еп» жана кытай тилиндеги «СЫпа Т1тев», «Сйтеве ПаПу Меуув» ж. б. ге­зит-журналдары чыгат. Радиоуктуруусу 1944- жылдан, телекөрсөтүүсү 1965-жылдан иштейт.