МАВЕРАННАХР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАВЕРАННАХР (арабча , «МаАҮага’

ип-Майг» - «дарыянын аркы өйүзү») - 7-к-да Аму-Дарыянын (арабча Жейхун) оң жээги. 9-к-да Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыя (арабча Сейхун) аралы­гындагы аймактардын аталышы. Жалпысынан Согду аймагын (Памир менен Ферганадан тышка­ры) камтыган. Истахринин эмгеги боюнча М. түштүгүнөн Хорасан; түш-чыгышынан Памир, Рашт, Хуттал (Аму-Дарыянын башы - Вахш менен Пянж д-нын ортолору) аркылуу Индия, түндүк- чыгышы, чыгышы Ферганадан Таразга чейин жетип, ал аркылуу гузз, пгүрк жана карлуктар менен чектешкен. М-га Өзбекстан менен Каракалпак­стандын кыйла бөлүгү, Тажикстандын батышы, Түркмөнстандын чыгышы, Казакстандын түш,- батыш аймактары караган. М-дын чоң шаар­лары катары Самарканд, Бухара, Кожент, Хива, Түркстан ж. б. даңазаланган. Трансоксиана деп да аталат.