ЛЯПУНОВ ТЕОРЕМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЯПУНОВ ТЕОРЕМАСЫ ы к т ы м а л д ы к теориясында­көз карандысыз кокус чоңдуктардын суммасынын бөлүнүштөрүнун жыйналгычтыгы үчүн жалпы жетишерлик шартты аныктай турган теорема; ыктымалдык теориясынын негизги предел пгеоремасы. Аны 1901-жылы А. М. Ляпунов далилдеген жана Ляпунов шарты деп аталып, кийин аны кеңейтүүгө за­рыл жана жетиштүү шарттар табылган. Л. т-на байланыштуу маселелерди орус математиги С. Н. Бернштейн, америкалык математик В. Феллер толук чечишкен. Л. т-нда биринчи жолу мүнөз­дөгүч функциянын методу иш жүзүндө көрсө­тулгөн.