ЛЮТЕСЦЕНС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЮТЕСЦЕНС (ЬиЬезсепз) - жумшак буудай түрү. Европа менен Түндүк Америкада, КМШ өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Л. 46 сорту Кыргызстан дыйканчылык ИИИде татаал гибриддештирүү жолу менен алын­ган. Машагы (8-10 см) кылкансыз, дандуу, даны кызыл, 1000 данынын салмагы 40,6-45,4 г. Са­багы катуу, жапырылбайт (бийиктиги 90-100 см), жалбырагы ичке. Вегетация мезгили 276 күн, эрте бышат. Унунан даамдуу нан бышырылат. Л. -800 сорту Кыргызстан дыйканчылык ИИИде түр аралык гибриддештирүү (буудайдын кылкансыз 1 сорту менен буудай-буудайыкты) жолу менен алын­ган. Машагы кылкансыз, ак (узундугу 10-13 см). 1000

данынын салмагы 36-40 г, күбүлбөйт. Сабагы­нын узундугу 130-150 см, жоон, катуу, жапырылбайт. Жалбырагы ичке, узун. Вегетация мезгили 279- 283 күн, кеч бышат. Андан көк тоют, ошондой эле се­наж, силос ж. б. даярдалат. Эки сорту тең дат, кара көсөө, чаңгыл кебер илдеттерине туруктуу.