ЛЮСТРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЮСТРАЦИЯ (латынча 1из1гаИо - курмандык ча­луу менен тазаруу) - 1) ооруга жана ар кандай кыр­сыктарга каршы диний-магиялык ырым-жы­рым. Көп элдерде тазарткыч күч отко (адамдар­ды жана турак жайларды ыштоо), сууга, тузга, темирге ж. б. таандык деп эсептелген; 2) укук­та - диктатордук, авторитардык режим менен кыз­матташкан адамдарды аныктоо жана мамлекеттик кыз­матты ээлөөгө, өкүлчулүк органдарга шайлануу­га жол бербөө иш-чаралары.