ЛУКАШЕНКО
ЛУКАШЕНКО Александр Григорьевич (30. 8. 1954-жылы туулган, Беларуссия, Витебск обл., Оршанск району, Копысь шаарчасы) - мамлекеттик жана саясий ишмер, Беларусь Респ-нын президенти (1994-жылдан), өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы, Беларусь Респ-нын Коопсуздук кеңешинин төрагасы.

Атап Айтканда Кулешов атындагы Могилёв педагогикалык институтун (1975), Беларуссия а. ч. академиясын (1985) бүтүргөн. 1977-94-ж. советтик жана партиялык жооптуу кызматтарда иштеген. Беларуссия Жогорку кеңешинин эл депутаты
(1990-жылдан). Л-нын демилгеси менен Беларуссия Коллективдүү коопсуздук жөнүндөгү келишим уюмуна мүчө (дек., 1993). Л. Беларусь, Россия жана Казакстан өлкөлөрүнүн ортосундагы бажы уюму жөнүндөгү (январь, 1995) макулдашууга, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык жана гуманитардык чөйрөдөгү интеграцияны тереңдетүү жөнүндөгү келишимге (29. 3. 1996), Беларуссия, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттеринин ортосунда Евразия экономикалык коомчулугун түзүү жөнүндөгү келишимге (10. 10. 2000) кол коюуга катышкан. 2009-жылы Беларуссия ЕСтин «Чыгыш өнөктөштүгү» программасына кирген.