ЛУАРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛУАРА (Ьогге) - Франциядагы эң узун дарыя. Узундугу 1012 км, алабынын аянты 115 миң км2. Се­венн тоосунан башталып, Борбордук Франция мас­сиви жана Луара ойдуңу аркылуу агып, Атлан­тика океанынын Бискайя булуңуна куят. Не­гизги куймалары: Алье, Шер, Вьенна (сол). Да­рыя өтө ташкындаганда Л-нын ортонку жана төмөнкү агымдарындагы өрөөндөрдү суу кап­тагандыктан, жээктерине тосмолор курулган. Суу­су февраль, март айларында кирип, август, сен­тябрда тартылат. Деңиз ташкынынын тааси­ри Нант ш-на чейин байкалат. Орт. чыгымы 800 м3 /секдан ашык. Роан ш-на чейин (айрым бөлүгүндө канал менен) кеме жүрөт; каналдар ар­кылуу Сена, Сона, Рейн д. менен туташат. Бою­нан Орлеан, Тур, Нант (деңиз кеме жолунун баш­талышы) ш., эстуарийинен Сен-Назер порту орун алган. Өрөөнүндө 15-16-к-га таандык сепилдер бар.