ЛОНДОН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1830-31)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОНДОН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1830-31) - Ав­стрия, Улуу Британия, Пруссия, Россия жана Франция өкүлдөрү катышкан конференция. Бельгия революциясынан (1830) кийин Бельгия Нидерланд королдугунан бөлүнүп, Бельгия менен Голландия­нын кагылышуусу Л. к-нын чакырылышына себеп болгон. Конференция кез-кези менен 1830-жылы ок­тябрдан 1831-жылы ноябрга чейин өткөн. Өзүнө коңшу күчтүү мамлекет - Нидерланд королду­гун түзүү жөнүндөгү Вена конгрессинин (1814-15) токтомуна нааразы болгон Франция Л. к-нда Бельгиянын Нидерланд королдугунан бөлүнүп чыгышын жактаган. Вена конгрессинде түзүлүп, Ыйык союз тарабынан корголгон системадан Бельгиянын бөлүнүшү сокку болот деп эсепте­ген Австрия, Пруссия жана Россия кайрадан анын Нидерланд королдугуна баш ийишин талап кылган. Француз-орус мамилелерин бузуу жана бельгиялык провинцияларда өз таасирин бе­кемдөөнү көздөгөн Улуу Британия Францияны колдогон. Л. к. кабыл алган келишим боюнча Бельгия өз алдынча деп таанылган.