ЛИТОГЕНЕЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИТОГЕНЕЗ (лито... жана ...генез) - чөкмө тек­тердин пайда болуу жана өзгөрүү процесси. Мын­да тектоникалык кыймылдар менен климат негизги орун­ду ээлейт. Немис геологу И. Вальтер чөкмө тек­тердин пайда болушун төмөнкүдөй 5 фазага бөлгөн: нукура тектердин талкаланышы; дену­дация процесси (тектердин талкаланып ж. б. жакка ташылышы); аккумуляция (ташылып келген тектердин кокту-колотторго топтолушу, чөкмөгө айланышы); диагенез процесси (тапта­лып ныкталышы, катууланышы); чөкмө тек­тердин метаморфизмделиши (өзгөрүшү). Кийин төмөнкү стадияларга бөлгөн: 1) гипергенез - ну­кура тектердин физикалык-химиялык процесстерден эзилип эриши, талкаланышы, үбөлөнүшү. Кесек бөлүк­чөлөрдүн башка жакка ташылып жеткирили­ши; 2) седиментогенез - талкаланган тектердин ой-чуңкурларга топтолушу; 3) диагенез - топ­толуп чогулган тектердин ныкталып тапталы­шы, чөкмө текке айланышы; 4) катагенез - утур калындаган сайын температура менен басым жогору­лап, кээде гидротерм эриндилеринин, газдардын таасири тийип, чөкмөлөрдүн акырындык менен өзгөрүшү; 5) метаморфогенез же метаморфизм процесси - катмарлар калыңдаган сайын чөкмө­лөрдүн түзүлүшүнүн (кээде курамынын) күчтүү өзгөрүшү. 1956-жылы Н. М. Страхов Л. процессин муздук, гумиддик, ариддик, вулкандык (жанар-: тоолук) деген типтерге ажыраткан. М у з д у к Л. материктик муздар каптаган чөйрөдө жүрөт. Гумиддик Л. нымдуу климаттык шартка байланыштуу. Мында көмүр, темир, алюминий, марганец кендери пайда болот. Ариддик Л. кургакчылык өкүм сүргөн климаттык шартта пайда болот. Туздар, кызыл түстүү тектер орун алат. Жанартоо-чөкмө Л-и кургактыкта жана суу астында жанартоонун атылышына байланыштуу. Геосинклиналдуу аймактарга таандык.

Ад.: Страхов Н. М. Основы теории литогенеза. Т. 1-3. М., 1962; он же. Типы литогенеза и их эво­люция в истории Земли. М., 1963.