ЛИМОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИМОН (СИгиз Итоп) - руталар тукумунун цитрустар уруусундагы, дайыма жашыл, көп жылдык субтропиктик өсүмдүк. Бийикт. 1,5- 7 м. Шагы негизинен тикендүү. Жалбырагы ка­лын, сүйрү, ачык жашыл, учу ичке. Гүлү кош жыныс­туу, ак, жыттуу, чачыкта бир же экиден жайгашат. Мөмөсү - сүйрү, тоголок жемиш (диаметри 5-6 см, салмагы 120 г). Кабыгынын ка­лындыгы 2-5 мм,

ачык сары. Сулпу саргыч, ар мөмөдө 20 гдай урук

болот. Ширелүү келип, өтө кычкыл. Л. жылуу, күнөстүү жерде жакшы өсөт. Жазында орт. 10°С температурада өсүп, вегетация мезгили 200-220 күнгө созулат. 17-18°С жылуулукта жакшы гүлдөйт. Түштүк-Чыгыш Азияда таралган. Жер Ортолук деңиздин, АКШ, Мексика, Арген­тинанын ж. б. субтропиктеринде, КМШ өлкөлө­рүндө өстүрүлөт. Кавказдын Кара деңиз жээгин­де, Азербайжанда ачык жерде, Борбордук Азияда жылытмада (теплицада) жана үйдө өстүрүлөт. Мөмөсүндө 3,5-8,1% лимон кислотасы, 1,9-3% кант, С (100 гда 45-140 мг), Р жана В витаминде­ри, пектин заттары, темир, фосфор, калий, каль­ций, магний туздары, кабыгында эфир майы бар. Мөмөсү желет жана андан лимон кислотасы, шире ж. б. алынат. Кыйыштыруу жолу менен, ошондой эле калемчесинен көбөйтүлөт. Ар түбүнөн 150-300 мөмө алынат. Зыянкеч, илдеттери жөнүндө, к. Цитрус өсумдуктөру.