ЛЕССИНГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕССИНГ (Ьеззш£) Дорис Мэй (22.10.1919-ж. т„ Иран, Керманшах) - англ. жазуучу жана публи­цист. Чыгармачылыгы 20-к-дын 30-жылдары баштал­ган. Анын алгачкы романы - «Чөп ырдайт» (1950). «МартаКвест» (1952), «Ылайыктуу нике» (1954), «Төрт дарбазалуу шаар» (1969), «Бешинчи бала» (1988) ж. б. романдардын автору. «Аргус­тун архивиндеги Канопус» (1975-83, 5 китеп) аттуу чыгармалар түрмөгү жазуучунун реалист­тик салттардан биротоло кол үзгөндүгүн көр­сөтөт. «Тандалган аңгемелер» (1978, 2 китеп) Л-дин кызыкчылыктарынын ар түрдүүлүгун кай­радан ачып берет. Л. - «Боорукер террор» (1985), «Кайрадан сүйүү» (1996), «Мара менен Данн» (1999), «Альфред менен Эмили» (2008)„романда­рынын автору. Нобель сыйл. лауреаты (2007).